Логотип

КР КМ 8-гвардия мотоаткычтар дивизиясы

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотовдун жетекчилиги алдында Коргоо министрлигинин коллегиясынын жыйыны болуп өттү

14.02.2024
67

2023-жылдын 17-ноябрында 20636 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотовдун жетекчилиги алдында Коргоо министрлигинин коллегиясынын жыйыны болуп өттү.

Анда Коргоо министрлигинин 2023-окуу жылы үчүн жалпы кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды жана Коргоо министрлигинин башкаруу органдарынын түзүмүн жана милдеттерин оптималдаштыруу, аскердик мыйзамдарды өркүндөтүү, эл аралык кызматташтык, аскерлерди даярдоо жана материалдык-техникалык камсыздоо системасы маселелери каралды.

Коллегиянын жүрүшүндө КР КК түзүмдөрүнүн отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгү жөнүндө кызмат адамдарынын баяндамалары угулду. Аскерлердин күжүрмөн даярдыгын бардык комплекстүү текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын деталдуу талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын сактоо, сапаттуу ыкчам-күжүрмөн даярдыкты уюштуруу боюнча тиешелүү тыянактар чыгарылган жана КР КК башкаруу органдарына жана аскерлерине тиешелүү баа берилген.

Коргоо ведомствосунун башчысы генерал-лейтенант Б.Бекболотов коллегияда белгилегендей, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамынын алдына коюлган милдеттер толугу менен аткарылды. Өлкөнүн аскердик коопсуздугун андан ары камсыздоо жана башкаруу органдарынын жана аскерлердин (күчтөрдүн) курамын, түзүмүн жана милдеттерин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2024-окуу жылына карата негизги иш-чараларынын планы бекитилди.

_