Логотип

КР КМ 8-гвардия мотоаткычтар дивизиясы

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгү жаш жоокерлер менен толукталды

07.05.2024
56

2024-жылдын 7-майында Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө Жазгы чакырык менен келген жаш жоокерлер аскердик ант беришти. 

Салтанатуу иш-чара Балыкчы шаарындагы "Эне Бала" эстелигинин алдында өтүп, ага Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу,  жаш жоокерлердин ата-энелери жана жакындары катышышты.

Иш-чара жаш жоокерлердин  бир ай ичинде өздөштүргөн тактикалык эпизоддору жана концерттик программасы менен коштолуп, өздүк курамдын саптык жүрүшү менен аяктады.